Францияда коронавирус менен жабыркаган адамдардын саны 5 миллиондон ашты
Францияда коронавирус менен жабыркаган адамдардын саны 5 миллиондон ашты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
"Өткөн жылдын март айынан тарта Францияда 5 миллион 230 миң 785 адам коронавирус илдетин жуктуруп алган. Алардын ичинен 98 миң 547 бейтап каза болгон", - деп жазылат маалыматта.
Аталган өлкөдө театрлар, магазиндер, ресторандар жабык бойдон калууда.
Францияда 2020-жылдын 27-декабрында калкты эмдөө иштери башталган. Азыркы учурда 10 миллион 500 миң адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Алардын ичинен 3 миллион 500 миң адам вакцинанын эки дозасын алууга үлгүрдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.