super.kg logo

БШКнын төрайымынын орун басары шайлоо тилкелеринде социалдык аралыктарды сактоо боюнча иштер жүргүзүлө турганын айтты

 

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоо тилкелеринде социалдык аралыктарды сактоо боюнча иштер жүргүзүлө турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-апрелде маалымат жыйынында билдирди.

"Борбордук шайлоо комиссиясы мамлекеттик органдар менен биргеликте калктын ден соолугун сактоо алкагында иш алып барды. Үгүт иштеринде, добуш берүүдө бир топ иш-чаралар каралды. Өзүн-өзү башкаруу өкүлдөрүнө атайын каражаттар берилди. Шайлоо тилкелеринин бардыгы коргоочу каражаттар менен камсыз болушту. Шайлоонун комиссия мүчөлөрү социалдык аралыктарды сактоо үчүн эрежелерди камсыздап жатат. Атайын алгоритм иштелип чыккан. Коопсуздук чаралар көрүлгөн. Шайлоочулардын, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн жана башкалардын дене табы өлчөнөт. Кайсы бир шайлоочунун дене табынын жогорулаганы байкалса саат 18:00дөн кийин катышуусу сунушталат", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: