"Кыргыз өлкөсүнүн келечегине кайдыгер карабаганым үчүн таң атпай келип отурам" дейт алгачкылардан болуп шайлоого катышкан жаран



Бүгүн, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өтүүдө.
Бишкектеги №1204 шайлоо тилкесинде шайлоочулар активдүү добуш беришүүдө. Аталган шайлоо участкасы өз убагында ачылган.
Шайлоого алгачкылардын катарында келген жана атын атагысы келбеген жаран буларга токтолду.
"Кыргыз өлкөсүнүн келечегине кайдыгер карабаганым үчүн таң атпай келип отурам. Референдумга добуш бердим. Президенттик башкаруу формасы туура болот го деп ойлоп жатам", - деди шайлоочу.
Белгилей кетсек, 28 шаардык кеңеште, 420 айылдык кеңештерге шайлоо болууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:12
2021-11-26
22:36
2021-11-25
10:47
2021-07-13
10:00
2021-07-12
22:35
2021-07-11
22:00
2021-07-11
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.