Баткенде бардык шайлоо участкалары ачылып, шайлоо өнөктүгү башталды (сүрөт)














Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жана референдум өнөктүгүн өткөрүү үчүн Баткен облусунда референдумга карата 218 шайлоо участкасы, ал эми жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоосуна 201 шайлоо участкасы ачылып, өз ишмердүүлүктөрүн башташты.
Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.
Облус боюнча референдумга шайлоочулардын саны 300 500, ал эми жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоосуна 279 875 шайлоочу добуш берүүчүлөрдүн тизмесин түзөт.
Облуста 27 айылдык, 6 шаардык кеңештерге шайлоолор өтүүдө.
Шаардык кеңештин депутаттыгына 166 мандатка 56 партия жана айылдык кеңештин депутаттыгына 577 мандатка 1633 талапкер ат салышууда.
Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу бардык шайлоо участкаларында санитардык талаптарга ылайык шарттар түзүлгөн.
Бул күнү коомдук коопсуздукту камсыздоого жалпысынан 882 ички иштер органдарынын кызматкерлери тартылган.
