super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Сот депутат Т.Мадылбековдун уулунун иши боюнча судьяны алмаштыруу өтүнүчүн аткаруудан баш тартты

 

Жогорку Сот парламент депутаты Туратбек Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбековдун иши боюнча судьяны алмаштыруу өтүнүчүн аткаруудан баш тартты. Муну Мадылбековдун жактоочусу Мырзалы Осмонкулов билдирди. "Бишкек шаардык сотундагы угууда судьялардын бири Ирина Воронцовага ишеним көрсөтпөө маселеси жаралган. Бирок соттук курам аны алмаштыруу өтүнүчүн аткаруудан баш тартты. Буга байланыштуу шаардык кеңештин токтому боюнча Жогорку Сотко арыздануу чечимин кабыл алганбыз. Судья Воронцованы алмаштыруу боюнча өтүнүчү канааттандырылган жок. Бишкек шаардык сотундагы соттук угуунун качан уланышы белгисиз деди",- жактоочу.   

Эске салсак, 25-июнда Бишкек шаардык соту Элдар Мадылбековду 9 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Сот аны алдамчылык, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана расмий документтерди жасалма жол менен даярдоо беренелери боюнча айыптуу деп тапкан болчу. Ал эми Элдар Мадылбековдун досу Мукаш Байгелдиев да расмий документтерди жасалма жол менен даярдоо беренеси боюнча айыптуу деп табылып 3 жылга шарттуу кесилген. 

 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: