super.kg logo

Садыр Жапаров: "Баш мыйзамдын долбоорун көчүрүп жазып 30 жыл жашап келдик"

 

Бүгүн, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өтүп жатат. Ага президент Садыр Жапаров Чоң-Арык конушундагы шайлоо тилкесине добуш берүү үчүн келинчеги Айгүл Жапарованы ээрчитип кирип келди.

Добуш берген соң, Садыр Жапаров журналисттерге маалымат берди. Алгач ал жарандарды жапырт добуш берүүгө чакырды.

"Бүгүн бизде жалпы референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоолор өтүп жатат. Ошондуктан мен сиздерден шайлоого активдүү катышып берүүңүздөрдү суранамын. Анткени 30 жыл аралыгында биздин конституцияга көп өзгөртүүлөр киргизилди. Бирок ошол көп өзгөртүүлөрдө Баш мыйзамдын долбоорун көчүрүп жазып, 30 жыл жашап келдик.

Биринчи жолу конституциянын долбоорун аксакалдар, академиктер баш болгон 100гө жакын адамдын катышуусу менен иштелип чыгып, ачык талкуу менен кабыл алуу алдында турабыз. Кудай буйруп долбоорду эл-журт колдоп берсе, эртеңден баштап Баш мыйзамдын жаңы долбоору менен жашап баштайбыз ", - деди Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: