super.kg logo

Бишкек: "Шайлоочуларды биз күтүп отурабыз" дейт мектеп директору

 

Бүгүн, 11-апрель күнү өлкөдө жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум өтүүдө. Ага ылайык, Бишкек шаарындагы №1323 шайлоо тилкесинде добуш берүү жүрүп жатат.

Бул шайлоо тилкесинде элдердин аралыкты сактоосу, бет кап тагынуусу көзөмөлдөнүп, колдоруна антисептикалык каражаттар себилип, жарандардын дене табы милдеттүү түрдө өлчөнүүдө.

Аталган шайлоо тилкеси Бишкек шаарындагы Жибек Жолу жана Ибраимова көчөлөрүнүн кесилишиндеги №76 орто мектепте жайгашкан.

Мектептин директору Аскар Турдуниязов мектепте эч кандай шарттын жоктугун айтып, буларга токтолду. "Өзүңөр күбө болуп жаткандай, биздин мектеп көп жылдан бери авариялык абалда. Эч кандай шарт жок деп кол куушуруп отура бербестен, биздин жамаат атайын бөлмөнү жасалгалап шайлоону өткөрүп жатабыз. Буга чейинки шайлоого салыштырмалуу бүгүн шайлоочулар өтө аз. Кезек күткөндөр деле жок. Тескерисинче биз күтүп отурабыз", - деп билдирди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: