Кыргыз альпинисти дүйнөдөгү эң бийик чоку - Эверестке чыгууну пландап жатат

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө, Аскарбеков Мамагенттиктин атынан альпинистке жаңы бийиктиктерди ийгиликтүү багындырып, аман-эсен кайтып келишин каалады.
Кубатов эл аралык экспедициянын курамында дүйнөдөгү эң бийик чоку болгон Эверестке чыгууну пландаштырууда (8848,8 метр, Непал). Экспедиция 12-апрелде легендарлуу орус альпинисти Александр Абрамовдун жетекчилиги астында башталып, 2021-жылдын май айынын аягына чейин уланат. Чыгуу Непалдан түштүк жолу менен пландаштырылууда. Экспедициянын курамына Орусия Федерациясынын, Израилдин, Малайзиянын, Өзбекстандын жана Кыргыз өлкөсүнүн тажрыйбалуу жана күчтүү альпинисттери кирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.