super.kg logo

Ысык-Атада аялы күйөөсүн балка менен чаап, ал окуя болгон жерден каза болду

 

Чүйдүн Ысык-Ата районунда күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-апрель күнү болжол менен саат 10:00 чамаларында Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүндө эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу телефон чалуу болгон. Ыкчам тергөө тобу Ивановка айылындагы үйлөрдүн биринен дене жаракаттары менен эркек кишинин жансыз денесин табышкан.

Териштирүү учурунда маркум 34 жаштагы Х.И. аттуу жаран болгону аныкталды. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Териштирүү ишинде шектүү катары маркумдун 27 жаштагы М.Ф. аттуу аялы кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, маркум мас абалында аялы менен уруша кеткен. Ачуу арасында аялы аны балка менен башына чапкан. Каргашалуу окуядан соң аялы далил буюмдарды каналга ыргытып, өзү туугандарынын үйүнө кетип калган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
11.04.2021. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ичкилик түбүнө жетиптир да...
11.04.2021. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жеткиргенда аялын суйлоп кыжынып олтуруп.
11.04.2021. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жеткиргени учун жин устундо чаап жибердида нерви кашайганынан аял затына сабыр эркектерге ыйман ынсап берсин Жаратканым.байкуш Эми кантет болду экен ушуга чейин коргон азабы куйообунон Эми минтип турмодогу Бир азап.ээ бираз сабырдуу болуп койбогон экенда же качып кетпеген экен
12.04.2021. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркектер аялдардын колунан өлө беребизби?
Эркектердин укугун да коргош керек болуп калды.Укук коргоочулар кайдасынар?
Аялдар бизди уруп,өлтүрүп жатышат...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: