№1317 шайлоо тилкесинде бардык санитардык эрежелер сакталып жатат





Бүгүн, 11-апрель күнү өлкөдө жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум өтүүдө.
Ага ылайык, №1317 шайлоо тилкесинде добуш берүү жүрүп жатат.
Бул Гёте атындагы №23 окутуу гимназиясы. Шайлоо комиссиясынын төрагасы санитардык талаптарды так аткаруу максатында чоң зал деп спорт залын тандап алышканын билдирди.
"Урналардын иштөөсүндө көйгөй азырынча болбой эле турат. Силер күбө болуп жаткандай, байкоочулар дагы аралыкты сактап отурушат, анткени имараттын ичи кенен. Ар бир шайлоочуларга бет каптар акысыз таратылып жатат", - дейт ал.
SUPER.KG порталынын кабарчысы аталган №1317 шайлоо тилкесине кирип жатканда, дене тапты өлчөөчү эки аппарат тең иштебей калганына күбө болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:12
2021-11-26
22:36
2021-11-25
10:47
2021-07-13
10:00
2021-07-12
22:35
2021-07-11
22:00
2021-07-11
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.