Ысык-Көл. Учурда 1 килограмм көмүр 4,5 сомдон сатылууда
Ысык-Көл облусунда быйыл көмүрдүн баасы былтыркыдан кымбат болбойт, учурда баа бир калыпта сакталып турат. Муну Ысык-Көл облустук Экономика жана монополияга каршы күрөшүү башкармалыгынын өкүлү Улан Мурадылов
билдирди. Анын айтымында, учурда Казакстандан алынып келинген көмүрдүн бир тоннасы 4500 сомдон болсо, Нарын облусунан алынып келинген көмүрдүн 1 тоннасы 4200 сомдон сатылууда. "Быйыл көмүрдүн баасы кымбаттабайт. Учурда 1 килограмм көмүрдүн баасы 4 сом 50 тыйын болууда",- дейт Мурадылов.
Автор: Жанат Туратбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

