super.kg logo

Бишкектеги №1104 шайлоо тилкесинде добуш берүүгө келгендердин саны аз

 

№1104 шайлоо тилкесинде добуш берүү жүрүп жатат. Бул жерде шайлоого келгендер аз экенин байкоого болот. Карантин нормалары сакталып, добуш берүүгө келгендерди Иса Ахунбаев атындагы медициналык окуу жайдын студенттери дене табын текшерип, бет кабын көзөмөлгө алууда.

Добуш берүүгө келген шайлоочулардан шайлоо жыйынтыгынан эмнени күтүп жатканын сурадык.

Бишкек шаарынын 70 жаштагы тургуну Жаңыл Молдобаева эң биринчи шаарда тынчтык орношун каалаганын билдирди.

"Бул шайлоого деле тээ атам замандан бери депутат болуп келе жаткандар талапкерлигин коюптур. Жаштардын келишин каалайм. Ошондой эле эки жүздүүлөр эмес, чынчылдар эли үчүн иштегендер келсин."

Ал эми сөзгө аралашкан Жаңыл айымдын жолдошу эң ириде тынчтык болушун каалаганын айта кетти. Ошондой эле жолдор оңдолушун, коомдук унаалар тартипке келип, тыгын азайса жакшы болмок деди.

Дагы бир Бишкек шаарынын жашоочусу Лилия Фаизева пенсиялардын аздыгына, ага карабастан азык-түлүктүн кымбаттап жатканына нааразычылыгын айта кетти.

"Биз көп нерсе деле каалабайбыз. Бирок пенсиябыз абдан аз. Эч нерсеге жетпейт. Ага карабастан базарда бардык нерсе кымбаттап жатат. Ушул нерсе көзөмөлгө алынса жакшы болмок", - деди Фаизева.

Атын атагысы келбеген 68 жаштагы дагы бир Бишкектин тургунун кепке тарттык. Ал кайдыгер болбой шайлоого ар дайым келип турарын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: