super.kg logo

Орусиядан келген эл аралык байкоочулар маалымат жыйын беришти (видео)

 

Бүгүн, 11-апрелде Орусия Федерациясынан келген эл аралык байкоочулардын пресс-конференциясы өттү.

Жыйынга шайлоо боюнча эксперт, “Орусия тандайт” коомдук кыймылынын тең төрагасы Елена Бабченкова, саясий психолог, Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин доценти Пётр Бычков, GR-group консалтинг агенттигинин тең уюштуруучусу Андрей Громов жана "Орусия тандайт" коомдук кыймылынын тең төрагасы Александр Закускин катышты.

Байкоочулар шайлоого эртеден бери көз салып келгенин, андагы мыйзам бузуулар жана жетишкендиктер тууралуу маалымат беришти.

"Бишкекке экинчи жолу келишим, калаа динамикалуу өнүгүп жатканы мени абдан кубантып жатат.

Биз шайлоо тилкелериндеги шайлоочулар менен сүйлөшүп жатабыз. Шайлоочулар келсе алардын оюн, пикирин сурагандар да болуп жатыптыр", - деди байкоочулардын бири.

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн референдумду жана жергиликтүү кеңештерге шайлоону 183 эл аралык байкоочу көзөмөлдөп, 200дөн ашуун маалымат булагы чагылдырып жатканын маалымдады.

Шайлоо процессин 11 коомдук уюм көзөмөлдөп, дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн 179 журналист каттоодон өткөн. 11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болууда. Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Баш мыйзамдын жаңы долбоору референдумга коюлду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: