super.kg logo

Ханыша Елизавета II'нин күйөөсү ханзаада Филиппти акыркы сапарга узатуу зыйнаты 17-апрелде өтөт

 

Эдинбург герцогу, ханзаада Филипптин тажыясы 17-апрелде болот. Бул тууралуу Букингем сарайына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, пандемияга байланыштуу маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты жөнөкөй масштабда өткөрүлөрү белгиленип, бирок ханзаада Филипптин көзү тирүү кезинде айтылган бардык каалоолору эске алынат. Маркумду акыркы сапарга узатууга мүмкүнчүлүк болбойт. Бирок каалоочулар аны телекөрсөтүүдөн көрө алышат. Падышачылыктын үй-бүлөсү элден маркумду эскерүү үчүн Виндзор сепилине баруудан баш тартууну өтүнгөн.

Коштошуу зыйнатында үй-бүлө мүчөлөрү көп дегенде 30га чукул адам катышат. Салтанаттуу иш-чарадан кийин ханзаада Георгий чиркөөсүндөгү падышанын сыйынуу жайына коюлары маалымдалды.

Салтанатка маркумдун жубайы ханыша Елизавета II, ошондой эле балдары жана неберелери катышат. Коштошуу салтанатына АКШдан ханзаада Филипптин небереси ханзаада Гарринин келери күтүлүүдө, анын кош бойлуу жубайы Меган Маркл медициналык сунуштардан улам тажыяга келбеши айтылды.

Буга чейин Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II'нин жолдошу, Эдинбург герцогу, ханзаада Филипп 9-апрель күнү 99 жашында дүйнө салганы маалым болгон. Ал эки айдан кийин 100гө чыкмак.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун ханышасы Елизавета II'ге жолдошу — ханзаада Филипп Эдинбург герцогунун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.04.2021. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Маркумду ошончо күн кармашабы.Эртелетип жерге берген туураго.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: