super.kg logo

Бишкек шаарынын Октябрь районунда шайлоочу бюллетенди сүрөткө тартып алган

 

Бишкек шаарынын Октябрь районунда шайлоочу бюллетенди сүрөткө тартып алган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-апрель күнү Бишкек шаарынын 7-Апрель көчөсүндө жайгашкан №1150 шайлоо тилкесинде шайлоо мыйзамын бузган факты катталган.

Жогоруда көрсөтүлгөн дарекке Октябрь РИИБинин документтештирүү тобу барып, төмөнкүлөрдү тактаган.

"1998-жылы туулган С.Д. шайлоо тилкесине келип, өзүнүн бюллетенин сүрөткө тартып алган. Кыздын сөзү боюнча, ал бюллетенди сүрөткө тартууга болбой турганын айткан. Ошондой эле бул бюллетенди шайлоого барганын тастыкташ үчүн туугандарына көрсөтүү үчүн сүрөткө тартканын, эч ким аны үгүттөбөгөнүн билдирген. Октябрь РИИБинин документтештирүү тобу тарабынан бул материал боюнча протокол толтурулду. Топтолгон материалдар борбордук шайлоо комиссиясына мындан ары чечим чыгаруү үчүн жөнөтүлгөн", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: