Ошто 5 шайлоо тилкесинде добуш берүүнүн жыйынтыгы эмнеге жокко чыгарылганы боюнча айтылды
Ошто 5 шайлоо тилкесинде добуш берүүнүн жыйынтыгы эмнеге жокко чыгарылганы боюнча айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Муктар Пайзилдаев брифингде билдирди.
"Кечээ, 10-апрелде добуш берүү жайдан тышкары шайлоо өткөн. Анда Ош шаарында 5 шайлоо тилкесинде добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. №5279, 5551, 5284, 5904, 5316 шайлоо тилкелеринин жыйынтыгын жокко чыгаруу чечими кабыл алынган. №5279 тилкесинде шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү "Ата Журт Кыргызстан" партиясынын талапкери менен кыдырып жүргөнү аныкталган. 30 добушту жокко чыгардык, ушуга жол бергени үчүн тилкедеги шайлоо комиссиясынын жетекчисин кызматтан алуу сунушталды. Бул шайлоодон кийин каралат, себеби азыр чара колдоно албайбыз. Талапкердин өзүн да четтетүү маселеси каралмай болду. Ал эми №5284, 5904, 5316 тилкесинде бирден үчкө чейин ашыкча бюллетень чыккан. Ошондой эле №5551 шайлоо тилкесинде реестрде жок адамга бюллетень берилгени аныкталган", - деди Пазилдаев.


1 |