Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Нарынга барды
Президент Алмазбек Атамбаев 17-18-октябрда иш сапары менен Нарын облусунда болот. Муну президенттик аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн
кабарлашты. Иш сапардын жүрүшүндө өлкө башчы Көкөмерен дарыясындагы
көпүрөнүн, Ак-Талаа районундагы асфальт-бетон заводунун жана Нарын районундагы
"Кажырты" магистралдык каналынын ачылышына катышат. Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле Нарын районунда курулуп бүткөн жумушчулардын шаарчасы, жана ал
жакта Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруучуларга түзүлгөн шарттар менен таанышат.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















