Бишкекте бош жумуш орундар жарманкеси өтөт
Бишкекте бүгүн 17-октябрда бош жумуш орундар жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек, миграция
жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Жарманкеге 50
жаштан өткөн жарандар катыша алат. Анда “Бишкеклифт”, “Кыргызмебель”, “Жашылдандыруу”
сыяктуу 19 мекеме, ишкана 200дөн ашуун жумуш орун үчүн сынак жарыялайт. Мындан
сырткары шаардагы 400дөй ишкана кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Жарманкеде катышуучулар борбордогу кесиптик билим берүүчү мекемелер туурасында
да маалымат ала алышат.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

Рейтинг:
0

