super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирустан сутка ичинде 8 миңден ашык адам каза болду

 

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 135 миллион 855 миң 351 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 77 миллион 266 миң 566 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 926 миң 756 адам илдеттен каза болду. Мындай статистикалык маалымат бүгүн, 12-апрелге карата алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 31 миллион 196 миң 126 болду. 562 миң 64 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.

Ал эми Бразилия өлкөсү экинчи орунда. Бразилияда 13 миллион 482 миң 23 адам вируска кабылган. 353 миң 137 бейтап көз жумса, 11 миллион 827 миң 861 бейтап оорудан сакайды.

Үчүнчү орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 13 миллион 358 миң 805 адамдан аныкталды. 169 миң 275 адам каза болсо, 12 миллион 81 миң 443 бейтап айыкты.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: