Эл аралык байкоочулар шайлоону таза жана тынч өттү деп сыпаттады
Жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоодо олуттуу мыйзам бузуулар болгон эмес жана шайлоо демократиялык принциптердин эл аралык стандарттарына шайкеш келет. Бул тууралуу эл аралык байкоочулар бүгүн, 12-апрелде өткөн жыйында билдиришти.
Алардын айткан маалыматына ылайык, эл аралык байкоочулар Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун 78 шайлоо тилкесинде болушкан.
"Шайлоо санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди эске алуу менен жүргүзүлдү. Өнөктүк тынч өттү, бул эркин добуш берүүгө шарт түздү. Ошентип жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча, эл аралык байкоочулар референдумду Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык келген деп мүнөздөсө болот деген тыянакка келишти", - деди орусиялык байкоочу Фарид Мухаметшин.
БШКнын маалыматына ылайык, 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга 200дөй эл аралык байкоочу көз салды.
Анда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоо өттү. Аны менен кошо Конституциянын жаңы долбоору жалпы элдик добуш берүүгө коюлду.
