super.kg logo

Режиссёр Эрнест Абдыжапаров: "Бала кезимде кекечтенчүмүн, өз жашоомдон алып тарткан тасмаларымдын бири "Кекеч"

 

"Менин Пирим Алманбет", "Таранчы", "Боз салкын" жана башка көптөгөн кыргыз кинолорунун режиссёру Эрнест Абдыжапаров SUPER.KG порталынын "Атактуулукка жол" рубрикасынын кезектеги коногу болуп, бала кезинен эле кыялданып жеткен режиссёрлук кесиби туурасында айтып берди.

Айтымында, анын 12 жашынан "мен кино режиссёр болом" деген сөзүнөн кийин, атактуулукка чейин көптөгөн кыйынчылыктар болгон. Бирок ага карабастан, бир да жолу колун шилтеп максатынан кайткан эмес. Жогорку окуу жайга өтпөй калганда күзгүдөн өзүн карап "сага эмне тоскоолдук болуп жатат? Мен өзүмө өзүм режиссёр деген наам берем" деп диплому жок көптөгөн кыргыз кинолорунун мыктыларын тартып жана алардын артынан дүйнөлүк фестивалдарда башкы байгелерди жеңип келет.

Тарткан тасмалардын кээ бирлери өз жашоосунан алынып, сценарий жазылса, кээ бирлери түшүндө аян берип түрткү болот экен. Мисалы белгилүү "Боз салкын" тасмасы чыныгы жашоодон, тагыраагы режиссёр менен жубайынын турмушунан алынган.

"Сагын мен, Асема байбичем" дейт ал.

Ушул сыяктуу өз турмушунан алынган тасмалардын бири "Кекеч". "Бала кезимде кекечтенип сүйлөчүмүн" деди режиссёр.

Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.






“Мен тарткан тасмаларда өзүмдүн жашоом бар, алардын бири Боз Салкын” дейт режиссёр Эрнест Али Абдыжапаров

Автор: Медина Найманова
Оператор: Чыңгыз Калбердиев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: