super.kg logo

Орусиялык продюсер Максим Фадеев бир жылда 115 килограммга арыктады. Ал кантип арыктаганын айтып берди

 

Орусиялык продюсер жана композитор Максим Фадеев аталган өлкөнүн жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде бир жылдын ичинде 115 килограммга арыктаганын айтып берди.

Анда Фадеев спорттун түрлөрү менен (чуркоо, сууда сүзүү, жөө жүрүш) менен үзгүлтүксүз машыга баштаганын, массажга жана гидротерапияга барганын, ошондой эле стресстен узак болуп, тамекини таштаганын айткан. Ал ден соолугуна байланыштуу ашыкча салмактан арылууну чечкен. Тагыраагы продюсердин жүрөгүнө доо кете баштаган. Ошол эле учурда пластикалык операция жасатты деген маалыматты четке кагып, дагы 20 килограмм салмак таштоону пландап жатканын кошумчалаган.

"Январь айынын аягында Максим Фадеев анын тамактануу режимин анализдеген видео үчүн диетолог Алексей Ковалковду айыптап, аны сотко берем деп коркуткан" деп жазылган маалыматта.

Диетолог мындай кыска убакыттын ичинде салмактын кескин төмөндөшү ден соолукка көптөгөн көйгөйлөрдү алып келиши мүмкүн экендигин айтып, продюсерге пластикалык хирургдардан жардам сурап көрүүсүн сунуштаган.

Фадеев өзү билген маалыматтарга таянып, интуиция менен арыктап жаткандыгын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
12.04.2021. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айына почти 10 кг, сонун го. Болот экен го арыктаса.
12.04.2021. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мынчалык тез арыктоо чын эле Ден-соолукта олуттуу зыян алып келет. Салмакты канча убакытта чогулткан болсо, акырындык менен ошончо убакытта андан арылса Ден-соолугуна зыяны жок.
12.04.2021. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Тиш чукугуч болуп калыптырго
12.04.2021. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото тез арыктаса кожа шалбырап калат...
12.04.2021. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бул киши мусулманбы
13.04.2021. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер табигый жол менен арыктаса эрки өтө күчтүү экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: