super.kg logo

"Литвага сатылмак". УКМК көп сандаган унаалардын катализаторун саткан жайлардын ишине бөгөт койду

 

Унаалардын катализаторлорун массалык түрдө мыйзамсыз сатып алуунун, ошондой эле аларды Европа өлкөлөрүнө экспорттоонун белгиленген схемасына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Ушул жылдын 23-февралында Литва Республикасына автомобилдик катализаторлорду экспорттоо учурунда салмагы 2 тоннага жакын контрабандалык жүк алынган.

Мындан сырткары 2021-жылдын 9-апрелинде Бишкек шаарындагы автомобилдик катализаторлорду чогултуп жана сатып алып жүргөндөр боюнча 12 пункттун иши табылган, ал жакта чет өлкөлөргө жөнөтүү үчүн сакталып турган көп сандагы кайра иштетилген субтракттар жана автомобиль катализаторлору алынды", - деп жазылат билдирүүдө.

УКМК учурда унаа катализаторлорунун текшерүүсүз сатып алынышын жана экспорттолушун кыскартуу жана экологиялык абалды жакшыртуу максатында, мамлекеттик кызматкерлердин ушул коррупциялык схемага катышы бардыгын аныктоо боюнча керектүү комплексттик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, милдеттендирилген техникалык кароону жойгондон кийин, тейлөө бекеттериндеги катализаторлорду массалык түрдө алып салуу, аларды кийинчерээк чет өлкөлөргө сатуу тенденциясы өсүүдө. Анткени катализаторлор (платина, палладий жана родий) баалуу металлдарды камтыйт жана эбегейсиз киреше алып келет.

Учурда ыйгарым укуктуу органдары тарабынан унаа катализаторлорун экспорттоого жана сатып алууга тыюу салуу маселелери каралып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.04.2021. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушуларга катуу чара көрбөсөңөр болбойт, менин машинамдын дагы катализатору жок болуп чыкты! Ким качан кантип каерде алганын билбей калдык атайы уурулар бар же машинаны сатып жатканда алып коюуп сатышат деп жатат.
12.04.2021. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туп туура кылат,Кудайбергенге барсан тойгузат сурап келе берип,жок десен башкасы келет,кызыктырганычы мынча сом болот деп,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: