super.kg logo

ШКУ Кыргыз өлкөсүндөгү референдумду эркин жана мыйзамдуу деп тааныйт

 

Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулары Кыргыз өлкөсүндө өткөн референдумду эркин жана мыйзамдуу деп тааныйт. Бул тууралуу ШКУнун баш катчысынын орун басары Чжан Хайчжоу брифингде билдирди.

Анын айтымында, шайлоо күнү байкоочулар өлкө аймагындагы бир нече шайлоо тилкелерине көз салып турушкан.

"Байкоочулар референдумду эркин, акыйкат, ишенимдүү жана демократиялуу деп тааныды.

Шайлоонун легитимдүүлүгүнө эч кандай күмөн жок. Корутундулар жана тыянактар байкоочулардын жеке байкоолоруна жана референдум күнү топтолгон фактыларга негизделген", - деген Хайчжоу.

БШКнын маалыматына ылайык, 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга 200дөй эл аралык байкоочу көз салды.

Анда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоо өттү. Аны менен кошо Конституциянын жаңы долбоору жалпы элдик добуш берүүгө коюлду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: