Жолдошбаева, Конгантиев... Шаардык кеңешке депутат болуп бара жаткан белгилүү фамилиялар
Кечээ, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өттү. Жалпысынан эл аралык байкоочулар шайлоонун жыйынтыгын таанып, олуттуу мыйзам бузуулар болбогонун билдирди. Бирок марага жетпей калган партиялар жана жарандык коомдун өкүлдөрү бул жолу да шайлоо таза өтпөгөнүн, өлкө бийлиги мурунку шайлоолордон эч кандай сабак алышпаганын жазып, сындап жатышат.
БШКнын алдын ала маалыматына ылайык, Бишкек шаардык кеңешине мандаттар алты партияга бөлүштүрүлөт.
"Эмгек" партиясы - 13,87 пайыз (10 мандат), "Ак Бата" - 12,15 пайыз (9 мандат), НДПК - 10,64 (8 мандат), "Ата-Журт-Кыргызстан" - 9,63 пайыз (7 мандат), "Ынтымак" - 8,64 пайыз (6 мандат) жана "Биздин эл" - 7,73 пайыз (5 мандат).
Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп бара тургандардын тизмесинде Жогорку Кеңештин депуттарынын туугандары жана уул-кыздары бар.
Шайлоодо жеңип чыккан "Эмгек" партиясынын эң башкы сабында белгилүү ишкер Болотбек Абировдун баласы Бишкек шаардык кеңешинин мурунку төрагасы Жаныбек Абиров бар.
Жаныбек Абиров 2018-жылы журналисттерге эч кандай "Рассвет компани" деген ишкананы билбегенин, бул компаниянын ээси Болотбек Абировду анын атасы эмес, жөн гана фамилиялары окшош экенин айтып, бирок кийин бул маалыматты үй-бүлөсүнүн коопсуздугу үчүн айтканын билдирип, жокко чыгарган.
Жаныбек Абиров 1988-жылы 22-декабрда төрөлгөн.
Кыргыз-орус славян университетин жана президенттин алдындагы башкаруу академиясын "Юриспруденция" жана "Мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу менеджменти" адистиги боюнча билим алган. 2018-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланган.
Уялчаак депутат атыккан Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин кызы Наргиза Жолдошбаева дагы Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп бара тургандардын тизмесине кошулду.
Ал "Ынтымак" партиясынын тимесинде шайлоого катышты. Жолдошбаевдин кызы буга чейин "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын тизмесинде шаардык кеңешке депутат болгон.
Наргиза Жолдошбаева 1983-жылы төрөлгөн. Анын өзү жетектеген ишканасы бар.
Бишкек шаарында биринчи орунду ээлеген "Эмгек" партиясы менен Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Роман Шиндин уулу Сергей Шин да мандатка ээ болду.
46 жаштагы Роман Шин буга чейин да шаардык кеңеште депутат болгон.
Буга чейин SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда конок болгон Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошевдин жубайы Рысгүл Акимжанова жогорудагылардын катарында бар.
НДПК партиясынын тизмесинин катарында учурдагы депутат Кубанычбек Конгантиев кошулуп, орундугуна кайра келери болжолдонууда. Ал мурунку башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу.
Кубанычбек Конгантиев 1980-жылы Каракол шаарында төрөлгөн. Ал Жогорку билимдүү, юридикалык илимдеринин кандидаты. Алгач 2012-жылы Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп шайланган.
Ошол эле тапта Ош шаардык кеңешине депутат болуп келет деген курамдын болжолдуу тизмеси жарыяланды.
Анда мандаттар төрт партиянын ортосунда бөлүштүрүлүп, шаардык кеңешке болжолдуу 46 адам депутат болуп келүүсү мүмкүн.
- "Ата-Журт Кыргызстан" — 48,68 пайыз (27 мандат);
- "Улуттар биримдиги" — 17.52 пайыз (12 мандат);
- "Ыйман нуру" — 8,11 пайыз (4-5 мандат);
- "Ынтымак" — 7.02 пайыз (3-4 мандат).
Анда "Ыйман нуру" партиясынын тизмесиндеги мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун карындашы Нуркыз Кадырбек кызы депутаттык мандат алмай болду.
Нуркыз Кадырбек кызы көп жылдан бери журналистика тармагында эмгектенип келет. Учурда ал өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчылык кызматын жетектейт.
Кечээ, 11-апрелде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоо өттү. Аны менен кошо Конституциянын жаңы долбоору жалпы элдик добуш берүүгө коюлду.





1 |