super.kg logo

Португалиядагы зоопаркта маймыл 5 жашар баланын манжасын тиштеп жулуп алды

 

Португалиянын Вила-Нова-ди-Гая шаарында жайгашкан зоопаркта маймыл 5 жашар баланын манжасын тиштеп, жулуп алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 9-апрель күнү бала ата-энеси менен зоопаркка барган. Бала маймыл жаткан капаска жакындаганда ал колун тиштеп, манжасын жулуп алган.

Полиция кызматкерлери дароо барып манжаны табуу иштерин жүргүзүшкөн. Бул учурда бала ооруканага операция жасатуу үчүн жеткирилген. Ал эми кесилген манжа кайрадан ордуна келеби же жокпу, ал тууралуу маалыматта жазылган эмес. Баланын абалы туруктуу деп жазылат маалыматта.
Зоопарктын кызматкерлери окуя баланын маймылга жер жаңгак бергиси келип, коопсуздук эрежелерин бузганынан улам келип чыккан деп билдиришкен.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: