super.kg logo

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 илдетинен каза болгондордун саны өсүп жатканын кулак-кагыш кылды

 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 илдетинен каза болгондордун саны өсүп жатканын маалымдады. Бул тууралуу аталган уюмдун башчысы Тедрос Аданом Гебрейесус айтканын чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, жети аптадан бери коронавирус менен ооругандардын саны өсүп жатат. Ошондой эле аталган илдеттен каза болгондордун саны дагы өсүп жатканы байкалууда.

"Дүйнө жүзү боюнча январь, февраль айларында COVID-19 илдетин жуктуруп алган адамдардын саны азайганы байкалган. Эми жети аптадан бери тескерисинче илдетти жуктургандардын саны көбөйүп жатат. Ал эми төрт аптадан бери коронавирустан каза болгондордун саны өстү", - деген Тедрос Аданом Гебрейесус.

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 135 миллион 855 миң 351 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 77 миллион 266 миң 566 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 926 миң 756 адам илдеттен каза болду.

Кыргыз өлкөсүндө коронавирус инфекциясы жалпы 1 миң 528 жарандын өмүрүн алды.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: