super.kg logo

"Жан" мультфильми "Мыкты анимациялык фильм" наамына татыды

 
Лондондо Британиянын кино жана телевидение искусствосунун 74-сыйлык тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, салтанат Падышалык Альберт Холлдо өттү. Алып баруучулар талапкерлер менен видео аркылуу байланышты. "Көчмөндөрдүн жери" төрт номинацияны жеңип алды, алардын арасында "Эң мыкты тасма" дагы бар. Режиссёр Хлоя Чжао жана актриса Фрэнсис Мак Дорманд "Мыкты режиссёр жана аялдын мыкты ролу", ал эми Жошуа Жеймс Ричардс - "Мыкты оператордук иш" наамдарына ээ болушту.
Чжао сыйлыктын тарыхында бул номинацияны жеңип алган экинчи аял болуп калды. 2010-жылы Кэтрин Бигелоу "Бороон Мырзасы" сыйлыгын алган.
"Мыкты актёр" наамына Энтони Хопкинс ("Ата" драмасы);
"Экинчи пландагы мыкты актёр" наамы - Дэниэл Калуя (Иуда и кара миссия");
"Экинчи пландагы мыкты актёр" - Юн Е Чжон ("Минари")
Томас Винтербергдин "Жан" мультфильми "Мыкты анимациялык фильм" наамына татыды. Ошондой эле аталган мультфильм эң мыкты жазылган саундтрек үчүн да сыйлык алды.
Аталган аземге ханзаада Уильямдын катышуусу күтүлүп жаткан. Тилекке каршы, Эдинбург герцогу, ханзаада Филипп каза болгондугуна байланыштуу катышкан эмес.
Белгилей кетсек, буга чейин "Жан" мультфильми "мыкты анимациялык тасма" номинациясында "Алтын глобус" сыйлыгын алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: