Актёр Дуэйн Жонсон АКШнын президенттигине талапкерлигин коюу ниетин билдирди
Актёр Дуэйн Жонсон АКШнын президенттигине талапкерлигин коюу ниетин билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Актёр мындай пикирин Newsweek парталынын сурамжылоосуна карата жарыялады. Аталган сурамжылоодо порталдын окурмандарынын 46 пайызы анын президенттикке талапкерлигин колдоорун билдирген.
"Биздин түптөөчү аталарыбыз өз катарына башы таз, денесинин баарына сүрөт тартылган, жарымы кара, жарымы ак, бою 193 сантиметр, текила ичкен, пикап айдаган жигит кошуларын ойлошпосо керек. Бирок бул нерсе ишке ашса мен үчүн сыймык болот. Мен кызмат кылууга даярмын", - деп жазган Жонсон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:35
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.