super.kg logo

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнөдө коронавирустан каза болгондор көбөйгөнүн жарыялады

 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус дүйнөдө коронавирустун айынан өлүм көбөйгөнүн жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Биз азыр жети апта катары менен оорулардын көбөйүп жаткандыгын жана төрт аптанын ичинде өлүмдүн көбөйгөнүн көрүп жатабыз", - деген Гебрейесус.

Гебрейесус COVID-19 менен күрөшүүнүн жалгыз жолу эмдөө эмес экендигин белгилеп, социалдык аралыкты сактоого, коргоочу бет кап кийүүгө, өзүн изоляциялоого жана башка чараларды көрүүгө чакырды.

30-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун келип чыгышын билүү максатында Кытайдын Ухан шаарына болгон сапарынын жыйынтыгы боюнча отчётун жарыялаган. Отчётто пандемия лабораториялык маалыматтардын сыртка чыгып кетүүсүнүн натыйжасы эмес деп айтылат. SARS-CoV-2 коронавирусу кайсы жерде жана качан пайда болгонун так аныктоо мүмкүн боло элек. Мурда белгиленгендей, COVID-19 менен Ухан базарынын ортосундагы байланыш далилденген жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: