super.kg logo

Фотоальбом: Кундуз Канатбек кызынын балалыгы, дене мүчөсүнө сыймыктанган бийкеч кези жана эне болгондогу сүрөттөрүнө саякат

 

Чыгармачылыктан алыстап кеткен ырчы Кундуз Канатбек кызы бүгүн, 13-апрелде 34 жашка толду. Ал 1987-жылы 13-апрелде Ысык-Көл облусуна караштуу Бөкөнбаев айылында төрөлгөн. Өздүк майрамында ырчынын сахнага кадам таштаган кезиндеги сүрөттөрүн топтодук.

11-классты аяктап жатканда мектептеги кыздар түзгөн топко кошулуп, шоу-бизнес дүйнөсүнө алгачкы кадамын таштаган. Кийинчерээк топто ырдоо кыйынчылык жаратып, өзүнчө ырдап чыгууну чечкен. Башында сахнага чыкканга ырчы Айя Садырова жардам берген. Андан кийин Мурат Жолукеев менен иштешкен. 2013-жылы "Версус" бий тобунун жетекчиси Айпери Обозова менен иштеше баштаган. Кундуз айымга өзгөчө атактуулукту 2008-жылы ырчы Сема менен биргеликте аткарган "90-60-90" аттуу чыгарма алып келген.

Кундуз Канатбек кызы орто мектепти аяктагандан кийин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетине өткөн.

Ырчы 2018-жылы бир канча жыл бою сүйлөшүп жүргөн жигитине турмушка чыгып, түгөйлөр 2019-жылы Алия аттуу кыздуу болушкан.

Кундуз айым сахнадан алыстаганына жеке жашоосу себеп болгонун маектеринин биринде айткан. "Сахнаны сагынам. Сахна аркылуу дос, тууган, кесиптеш таптым. Аздыр-көптүр атым элге таанылды. Ошентсе да азыр мен үчүн эң биринчи орунда жакшы жубай, мээримдүү эне, мыкты кожойке болуу турат. Ошондуктан болгон күчүмдү, убактымды үй-бүлөмө бурам. Калганын убакыт көрсөтөт", - деген ал.

13-апрелге карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: