super.kg logo

Конкурс жарыяланат!

 

Биз мектептердин соңку класстарынын окуучулары, ЖОЖдордун студенттери үчүн персоналдык маалыматтарды коргоо боюнча мыкты видео же плакат, ыр, флешмоб сыяктуу жана башка маалыматтык эмгектерге сынак жарыялангандыгын кубануу менен билдиребиз.

Мектептеги жогорку класстардын окуучуларын, ЖОЖдордун студенттерин персоналдык маалыматтарды коргоону чыгармачылык мамиленин, маалыматтык эмгектин жардамы менен үйрөтүүгө жана жайылтууга чакырабыз.

Аймактардан келген катышуучулардын бардык чыгымдары уюштуруучулар тарбынан каржыланат.

Сынакка катышуу үчүн Тик-Ток же Инстаграм баракчаңызга 3 мүнөттөн ашпаган видео же болбосо маалыматтык эмгегиңизди жарыялап, #Privacydayforkids хештегин белгилеңиз. Андан кийин ар бир катышуучуга жеке номер ыйгарылат.

Сынакка катышуу үчүн билдирмелер ушул жылдын 21-апрелине чейин кабыл алынат.

21-апрелден 27-апрелге чейин калыстар тобу эң көп көрүлгөн жана лайк топтогон 6 кызыктуу эмгекти тандап алат. 6 жеңүүчүнүн үчөөсү Инстаграм тиркемесинен, дагы үчөөсү Тик-Ток тиркемесинен тандап алынат.

Байгелүү орундардын ээлери 27-апрелде өтө турган Privacy Day for kids конференциясына ардактуу конок катарында чакырылып, тиешелүү акчалай сыйлыктары тапшырылат.

Сынактын байге фонду 80 000 сом.

Тик-Ток Инстаграм

1-орун - 20 000 сом 1-орун - 20 000 сом
2-орун – 12 000 сом 2-орун – 12 000 сом
3-орун - 8 000 сом 3-орун - 8 000 сом

Сынак жеке жашоо жана жеке маалыматтар корголууга тийиш экендиги боюнча коомчулукту кеңири кабардар кылуу максатында “Интернет саясаты боюнча жарандык демилге” коомдук фонду тарабынан уюштурулууда. Сынакка колдоо көрсөткөндөр: Facebook, канадалык SecDev Foundation жана “Сорос Кыргызстан” фонду.

Толук маалыматты 0555887793 телефону аркылуу же ушул шилтемедеги инстаграм баракчадан алса болот.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: