super.kg logo

"Турмушка чыгасыңбы же каласыңбы?" деп сураган. Сузакта кыз ала качуу фактысы катталды

 

Кечээ, 12-апрель күнү кечки саат 21:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда кыз ала качуу фактысы катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагына караштуу Живпром айылында болгон.

"Анда 2003-жылы туулган кызды үйүнүн алдынан сырттан тааныш болгон бала үч досу менен биргеликте күч колдонуп, Деу-Матиз үлгүсүндөгү унаага салып, никеге туруу максатында ала качышкан. Жолдо кетип бара жатышып Жалал-Абад шаарынын Дача участкасына жеткенде, кыздан "турмушка чыгасыңбы же каласыңбы?" деп сурашып, кыздын каршылыгынан улам унаадан түшүрүп коюп, белгисиз тарапка из жашырып качып кетишкен", - деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБинен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 175-берене "адамды никеге туруу максатында уурдоо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр аныкталып, тергөөгө камсыздоо боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
13.04.2021. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Идиотизм.Тупойлор.Ушу эркектер билим алышып мончулукту жоюшса болот эле
13.04.2021. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жарым жолго алып барып таштап коюшканы неси. Өлтүрбөй жарым жолго ташып койгонубузга ыраазы болгула дешкениби. Өтө эле жапайычылык бул
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: