super.kg logo

Ошто шайлоо жыйынтыгына нааразы партиялар Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту

 

Ош шаардык кеңешине шайлоого катышкан бир нече партия шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду.

Нааразы болуп, шайлоо ыксыз, ыплас өттү деп эсептеген партиялар “Улуу Журт”, “Улуттар биримдиги”, “Ишеним”, “Республика”, “Бир Бол”, “Тилектештик” жана “Бүтүн Кыргызстан” партиялары.

Бул тууралуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын Ош шаарындагы өкүлү Сейит Довлатов SUPER.KG порталына комментарий берди. Анын айтымында, шайлоо көз көрүнө калыс эмес, одоно мыйзам бузуулар менен өткөн.

"Биз бүгүн шайлоо жыйынтыгын тааныбаган 7 партия президентке кайрылуу жолдодук, кайрылууга кол койгондордун арасында өзүм да бармын. Анткени шайлоо одоно, ыксыз мыйзам бузуулар менен өттү, административдик ресур кеңири колдонулду.

Кайрылууда биз президент шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоо өткөрүп берүүсүн камсыздап берүүсүн сурандык. Негизи шайлоо мындай болбош керек болчу, биз оңолбой койдук. Албетте, мындай добуш сатуу менен кийинки муундарды да бузуп жатабыз. Бизде добуш сатуу токтогондо, элдер жүрөгү менен сатылбай шайлаганда гана алдыга жылуу болот", - дейт Довлатов.

Ал кошумчалагандай, нааразы болгондор Ош шаардык мэриясы мыйзам бузууга кайдыгер карады деп мэр Таалайбек Сарыбашевдин жоопкерчилигин да карап чыгууну талап кылып жатышат.

11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Ош шаардык кеңешине тогуз партия ат салышкан. Шайлоонун баштапкы жыйынтыгы менен төрт партия алдыга оозуп чыккан.

"Ата-Журт Кыргызстан" 48,8 пайыз, "Улуттар биримдиги" 18,0 пайыз, "Ыйман Нуру" 8,1 пайыз, "Ынтымак" 7,5 пайыз добуш алган. Мыйзамга ылайык, бул партиялар босого чектен өттү жана мандаттар аталган партиялардын арасында бөлүштүрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
13.04.2021. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Улуттар биримдиги шайлоону тааныбаса мандатын алып берки үч партияга бөлүп берип койгула. Мелисти убагында колдочу элем. Анын да анык жүзү билинди го өткөнкү төнкөрүштө.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: