Азия чемпиондугу: Атабек Азисбеков финалга чыкты
Бүгүн, 13-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугу старт алды.
Бул турнирде Кыргыз өлкөсүнүн атынан 87 килограмм салмакта катышкан Атабек Азисбеков жарым финалга чейин жетип, анда түштүк кореялык Сенхван Ли менен кез келди. Беттештин биринчи бөлүгү 3:0 эсебинде каршылаштын жеңиши менен аяктады. Экинчи бөлүктө Атабек бир топ активдүү болуп, атаандашын 4 упайга көтөрүп чапты.
Жыйынтыгында эсеп саны 6:3 болуп, кыргыз балбаны татыктуу түрдө финалга чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.