Бел боо күрөшү боюнча республиканын чемпиондору аныкталды





10-11-апрель күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда (Бишкек шаары) бел боо күрөшү боюнча (Belt Wrestling) Кыргыз Республикасынын чемпиондугу өттү.
Маалыматка ылайык, мелдешке Бишкек, Ош шаарларынан жана 7 облустан бардыгы болуп 296 спортчу катышты. Жеңүүчүлөр жана байге орун ээлери медаль жана дипломдор менен сыйланышты.
Спорттук иш-чара Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын бел боо күрөшү федерациясы тарабынан өткөрүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.