"Сен коңшубуздун аялына келгенсиң". Ошто меш оӊдогону барган устаны беш жаран сабап салды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Кара-Суу районунун 1990-жылы туулган тургуну 5-апрель күнү арыз менен кайрылган. Арызда Ош шаарынын Амир-Темир көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин мешин оӊдоп жаткан учурда белгисиз адамдар келип, токмоктоп кеткендиги жазылган.
"Алгачкы тергөөнүн маалыматына караганда, жабырлануучу 1990-жылы туулган Н.Ж. досунун суранычы боюнча аталган үйгө 4-апрель күнү барып, мешти оңдоп жаткан. Ошол убакта белгисиз 5 адам келип "сен үй ээсинин аялына келдиӊ" деп анын колу-бутун байлап, көптөп сабашкан. Жабырлануучу айдап келген унаасынын дөңгөлөгүнүн желин чыгарып, номерин чечип алышкан. Ошондой эле уюлдук телефонун тартып алышкан. Аны сабап жатканда өз алдынча суракка алып, телефонго тартышкан. Жабырлануучу алардан качып кутулган.
Учурда бул факты боюнча "бейбаштык" беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Бул кылмышка шектүү катары беш жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Шектүүлөрдүн бардыгы үй ээсинин коӊшулары.
Жабырлануучунун жаратынын оор-жеӊилин билүү максатында тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
10:35
2025-06-28

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(5)
Jacob.

13.04.2021. 16:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Амир темир кочо болсо жыгарлар экен да...
Asmat84

13.04.2021. 17:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jacob., Токмок жеген адам кыргыз болсо керек
Ala.too.456

14.04.2021. 07:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asmat84, Жигарлар биздикилерге меш ондотбой калдыгооо...
amirrus

14.04.2021. 12:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asmat84, Духу жетбейт го жигарлардын,оздору эле алар ошондой бири бириникин урруп кое беришет дейт го...
didu

15.04.2021. 15:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кышта ноокатта тошокто жаткан жеринен туткан балдар зорго кутулуптурго
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.