super.kg logo
  Спорт  

Бокс: Дүйнө чемпиондугунда бүгүн 56 жана 75 килограмм салмактагы боксчулар рингге чыгат

 

Бүгүн, 17-октябрь күнү Алматыда өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунун 4-күнүндө 56 жана 75 килограмм салмактагы боксчулар ринг үстүнө чыгат. Аталган эки салмак даражаларында кыргызстандык боксчулар бар. 56 килограмм салмакта Өмүрбек Малабеков жана 75 килограмм салмакта Азамат Каныбек уулу Кыргызстандын намысын коргомокчу. Эки боксчу тең чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча мелдешти 2-турдан баштайт. Бүгүнкү беттештерде аталган эки боксчунун атаандаштары белгилүү болот. Бүгүнкү непалдык Динеш Шреста менен өзбекстандык Шахриёр Исаков жубунун жеңүүчүсү кийинки беттеште Өмүрбек Малабеков менен беттешет. Ал эми Азамат Каныбек уулунун атаандашы Рафаэль Мунно менен мексикалык Хуан Мерчадо жубунун жеңүүчүсү болмокчу. Эки боксчу тең 19-октябрь күнү рингге чыгат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: