Ким Кардашьян менен Канье Уэст ажырашкандан кийин балдарын биргелешип кароого макулдашышты
Голливуд жылдызы Ким Кардашьян менен музыкант Канье Уэст ажырашкандан кийин балдарын биргелешип кароого макулдашышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.Маалыматка ылайык, америкалык рэпер Канье Уэст Ким Кардашян менен ажырашкандан кийин төрт баланы чогуу биргеликте камкордукка алууга макул болгон. 9-апрелде музыканттын адвокаттары Лос-Анжелес округунун Жогорку Сотуна арыз жазышкан.
Ушул жылдын январь айында Ким Кардашьян менен музыкант Канье Уэст 6 жылдык үй-бүлөлүк жашоосунан кийин ажырашууну чечишкен. Ал тургай жубайлар өз-өзүнчө жашап, Жаңы жыл майрамын дагы чогуу өткөрүшкөн эмес. Февраль айында алардын ажырашууга арыз жазышканы белгилүү болгон.
Алар 2014-жылы баш кошушкан, 4 баланын ата-энеси.
Ким Кардашьян менен Канье Уэсттин үй-бүлөлүк келишиминде биргелешкен мүлкү болгон эмес. Ошондой эле жубайлар ажырашып жатканда алимент төлөөдөн баш тартышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:52
2025-11-07
12:46
2025-11-07
Рейтинг:
-1
-1
Комментарийлер(2)
alym21
14.04.2021. 05:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Болот экенго ызы чуусу жок ажырашса,Джоли менен Питтин ажырашуу ыр жомогу дагы деле буто элек
Gulina90
14.04.2021. 15:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарга кыйын,бирине эр,бирине катын табылат,балдарга оздорундой ата-эне табылбайт,сөзсүз өгөй деген нерсе болот.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















