Бокстун легендасы 58 жаштагы Эвандер Холифилд рингге кайтып келет
Бокстун легендасы, оор салмак боюнча дүйнөнүн мурдагы абсолюттук чемпиону 58 жаштагы Эвандер Холифилд рингге кайтып келет. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, оор салмак категориясында бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы абсолюттук чемпиону Эвандер Холифилд Кевин Макбрайдга каршы көргөзмө беттешке чыгат. Беттеш ар бири эки мүнөттөн болуп сегиз раундга чейин созулат. Боксчулар рингге шлемсиз чыгышат.
Белгилей кетсек, аталган беттеш 5-июнга белгиленген.
58 жаштагы Холифилд элдешкис атаандашы Майк Тайсон менен беттешүүгө кызыкдарлыгын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.