super.kg logo

Аялын көчөдө сабаган. Шектүү №21 түзөтүү абагына камакка алынды

 

Буга чейин 11-апрелде социалдык тармактарда Бишкектеги көчөлөрдүн биринде кызды сабап жаткан видео тарап, ал милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Анда милицияга Кустанайский жана Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде үй-бүлөлүк жаңжал болуп жатат деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке милиция кызматкерлери барышып, маалыматты тактаганда 1992-жылы туулган Ш.Ж. аттуу жаран өзүнүн аялын сабагандыгы белгилүү болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене "бейбаштык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунан ал 11-июнга чейин №21 түзөтүү абагына камакка алынганын билдиришти.

"Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 13-апрелиндеги токтомуна ылайык, шектүү жаранга карата бөгөт коюу чарасы катары 11-июнга чейин камакка алуу түрү тандалды. Ал Юстиция министрлигине караштуу ЖАМК №21 тергөө изоляторуна камакка алынды", - деп билдиришти соттун маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
14.04.2021. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ассолому алейкум Кыргыз калкым баарыныздарды Аллахтын ыйык орозо айы менен куттуктайм.
Аялдар тилибизди кичине тыйсак эркектер жини келген убакта, эркектер да кичине жини келсе эле уруп сабап алсыз аялды жанчып жатып калбастан озунордун эркектик намысынар менен оор басырыктуурак болсонор, уй булоолук бактылуулук орномок.Окунучтуусу бироонун бапестеген кызы жолдо элдин козунчо келтекти жеп уят болсо, бироонун бапестеп остургон баласы ачууга алдырып торт дубалдын ичинде сыз жыттанган жерде
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: