super.kg logo

Пандемия менен күрөшүү: БУУ алты багытта иш алып барууну сунуштайт

 

Бириккен улуттар уюмунун(БУУ) башкы катчысы Антонио Гутерриш пандемия жана анын кесепеттери менен күрөшүү боюнча иш-аракеттердин программасын сунуш кылды. Бул тууралуу БУУнун расмий сайтында жазылды.

Маалыматка ылайык, ал программасын БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңеши өткөргөн форумда айткан. Ал өз сөзүн пандемиянын кесепеттерин айтуу менен баштаган.

"3 миллион адам каза болду, 255 миллион адам жумушсуз калды, 120 миллион адам жакырчылыкка дуушар болду. 170 миллион бала билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, өлкөлөр ортосунда жана аймактар аралык теңсиздик күч алды. Бул акыркы 90 жылдагы эң кайгылуу көрүнүш.

Бирок кризис аягына чыга элек. Вирус тез тарап жатат. Бул кооптуу абалдан биримдик жана тилектештик менен чыга алабыз. Азырынча сынактан өттүк деп айта алабыз", - деди ал.

Антонио Гутерриш сунуштаган программа алты пункттан турат. Алар: жалпы элди эмдөөдөн өткөрүү, колдоого муктаж өлкөлөргө каржылык жардам көрсөтүү, каражаттарды адилеттүү бөлүштүрүү, карыздардан кутулуу, адам капиталын инвестициялоо жана пандемиядан кийинки калыбына келтирүүдө туруктуу жана ар тараптуу өнүгүү.

Баш катчы айрым өлкөлөр акчаны карызды төлөөгө жана калкты эң керектүү нерсе менен камсыздоого жумшашы керек деп эсептейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: