super.kg logo

БШК добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу тартиби боюнча маалымат жарыялады

 

Шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары добуштарды кол менен саноонун натыйжалары боюнча аныкталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Шайлоо тилкеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан эки нускада түзүлөт жана ага катышкан шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү кол коёт. Аймактык шайлоо комиссиясынын протоколуна тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча эки нускада түзүлгөн жыйынтыктуу таблицасы, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн өзгөчө пикири, ошондой эле келип түшкөн даттануулар (арыздар) жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер тиркелет.

"Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен, шайлоонун натыйжаларын участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде аныктайт.

Шайлоочулардын эркин билдирүүгө таасирин тийгизген мыйзам бузуулар деп жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылуу менен байланышкан, добуш берүү учурунда шайлоочулардын өз эркин билдирүүсүнө таасир эткен мыйзам бузуулар эсептелет, буга чейин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын арыздардын негизинде, 8 шайлоо участогундагы тышкары жерде добуш берүүлөрдү жараксыз деп тапкан.

Шайлоо процесстеринин бардык катышуучуларына шайлоо мыйзамдарында участкалык шайлоо комиссияларында добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча арыздарды берүүнүн үч күндүк мөөнөтү каралгандыгын маалымдайбыз. Ошол эле учурда бардык арыздар далилденип, далилдер менен тастыкталууга тийиш экендигин эскертебиз.

Ошентип Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы үч күндүк мөөнөттү күтөт (14-апрелине чейин), андан кийин шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө чечим кабыл алат.

Ошондой эле укук коргоо органдарынын кароосунда турган мыйзам бузуу фактылары боюнча иш улантыларын белгилейбиз. Тиешелүү чаралар компетенттүү органдардын корутундусу боюнча кабыл алынат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: