Путин коронавируска каршы экинчи жолу эмдөө алды
Орусиянын президенти Владимир Путин 14-апрелде коронавирустук вакцинанын экинчи дозасын алганын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Орусиянын мамлекет башчысы COVID-19 пандемиясы жакын арада кетет деген ишенимин билдирген.
Вакцинанын биринчи компоненти менен орус лидери коронавируска каршы 23-мартта эмделген. Кийинчерээк Путин сол колуна эмдөө алганын айтып, бир нече сааттан кийин укол сайылган жерде бир аз ыңгайсыздыкты сезгенин айткан. Мамлекет башчысынын башка терс таасирлери болгон эмес.
Путин ошондой эле үч күндөн бери спорттон баш тартканын айтып, эмдөөнү иммунитетти сактоого жардам берген жөнөкөй, бирок натыйжалуу процедура деп атаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:25
2025-07-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.