Оор атлетика боюнча улуттук курама лицензиялык Азия чемпиондугуна катышат. Өлкө намысын кимдер коргойт?
Оор атлетика боюнча Кыргыз улуттук курама командасы 15-26-апрель күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өтө турган лицензиялык Азия чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Азия чемпиондугуна катышчу спортчулардын тизмеси:
1. Бекдөөлөт Расулбеков, 102 килограмм;
2. Эмил Молдодосов, 89 килограмм;
3. Өмүржан Молдодосов, улук машыктыруучу;
4. Камбар Токтоналиев, башкы машыктыруучу.
Белгилей кетсек, спортчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш сапарга жөнөтүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.