super.kg logo
  Спорт  

"Бавария" "ПСЖны" жеңет деп айткан". Неймар Киммихтин жанынан майрамдоосу боюнча түшүндүрмө берди

 

14-апрелге караган түнү Чемпиондор Лигасынын 1/4 финалынын жооптук беттешинде "ПСЖ" командасы өз үйүндө Германиянын "Бавария" командасын кабыл алып, оюн 0:1 эсебинде мюнхендик клубдун жеңиши менен аяктаган. Бирок эки оюндун жыйынтыгы менен жалпы эсеп 3:3 болуп, "ПСЖ" командасы турнирдин жарым финалына чыкты.

Калыс ышкырыгын жаңырткан соң атактуу футболчу Неймар "Бавариянын" коргоочусу Йозуа Киммихтин жанынан жеңишин майрамдаган. Бул беттешке чейин Йозуа Киммих анын командасы атаандаштарынан күчтүү экенин жана жарым финалга өтөрүн айткан.

"Мен чагымчыл кылуу үчүн майрамдаган жокмун. Мен жөн гана майрамдагым келди, ал жерде Лео (ред. Леандро Паредес) бар эле. Мен аны көрүп, чогуу майрамдадык. Ал жерде командасы жарым финалга өтөрүн айткан Киммихтин болуп калганы кокустук", - деген Неймар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: