Орусияда акыркы суткада коронавирус диагнозу 8 миңден ашык адамга коюлду
Орусияда акыркы суткада коронавирус илдети 8 миң 326 адамдан аныкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, өткөн суткада Орусиянын 84 аймагынан 8 миң 326 адамдан COVID-19 диагнозу аныкталды. Эң көп илдет аныкталгандар катталган аймактар:
Москва шаары - 1751;
Санкт-Петербург шаары - 977;
Москва облусу - 517. Калгандары башка аймактардан катталган.
Ал эми өткөн суткада 9 миң 447 бейтап оорудан сакайса, тилекке каршы, 399 адам каза болду.
Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Орусияда 4 миллион 666 миң 209 адам илдетти жуктуруп алган. Алардын ичинен 4 291 223 бейтап оорудан сакайса, 104 миң адам каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.