super.kg logo

Түркияда сутка ичинде COVID-19'ду жуктуруп алгандардын рекорддук көрсөткүчү катталды

 

Түркияда сутка ичинде COVID-19'ду жуктуруп алгандардын рекорддук көрсөткүчү катталды. Бул жөнүндө чет элдик басылмалар жазышууда.

"Өткөн суткада Түркияда пандемия башталгандан бери эң көп илдетти жуктуруп алгандар катталды. Анда 62 миң 797 адамдан коронавирус диагнозу аныкталган. Тилекке каршы, 279 адам каза болду. 3 миң 18 бейтаптын абалы оор", - деп жазылат маалыматта.

Түркияда январь айында CoronaVac вакцинасы менен калкты коронавируска каршы эмдөө старт алган. Ал эми март айынан тарта Pfizer/BioNTech вакциналары эмдөөгө колдонула баштаган. Акыркы маалыматтарга ылайык, 19 миллионго чукул адам эмдөө алды. Анын ичинен 7 миллион 500 миңи вакцинанын эки дозасын тең алууга үлгүрүштү. Алгач эмдөөдөн башка өлкөлөрдөгүдөй эле медицина кызматкерлери, мугалимдер жана улгайган адамдар өтүштү.

Эске салсак, буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн коменданттык саатты күчөтүп, Түркиянын шаарларына сапарга чыгууга тыюу салган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: