super.kg logo
  Спорт  

"Реал" рекорд жаңылады". Чемпиондор Лигасынын жарым финалына чыккан бардык командалар белгилүү болду (жыйынтыктар+видео)

 

Бүгүн, 14-апрелге караган түнү Чемпиондор Лигасынын 1/4 финалынын биринчи жооптук оюндары өттү.

Англиянын "Ливерпуль" командасы өз үйүндө мадриддик "Реал" клубун кабыл алып, оюн 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Эки оюндун жыйынтыгы менен жалпы эсеп 1:3 болуп, "Реал Мадрид" татыктуу түрдө жарым финалга жолдомо алды.

Муну менен "Реал Мадрид" командасы 14-жолу Чемпиондор Лигасынын жарым финалына чыгып рекорд койду. "Барселона" менен "Бавария" 12 жолу жарым финалга чыккан.

"Ливерпуль" - "Реал Мадрид" (0:0);

Германиянын "Боруссия Дортмунд" командасы өз үйүндө Англиянын "Манчестер Сити" командасын кабыл алып, оюн 1:2 эсебинде коноктордун жеңиши менен аяктады. Оюндун 15-мүнөтүндө үй ээлери эсеп санын ачты. Экинчи бөлүктүн 55-мүнөтүндө "Манчестер Ситинин" чабуулчусу Рияд Марез пенальтиден эсеп санын теңеди. 75-мүнөттө коноктордун чабуулчусу Фил Фоден Бернарду Силванын бурчтан чыгарып берүүсүн голго айлантып, командасын алдыга алып чыкты. Калган мүнөттөрдө эсеп саны өзгөргөн жок.

Муну менен "Манчестер Сити" командасы татыктуу түрдө жарым финалга жолдомо алды. Эми алар жарым финалда Франциянын "ПСЖ" командасы менен кез келсе, "Реал Мадрид" Англиянын "Челси" командасы менен кез келет.

"Боруссия Дортмунд" - "Манчестер Сити" (1:2);

Голдор: Жуд Беллингем (15-м), Рияд Марез (55-м), Фил Фоден (75-м).

Жарым финалдын алгачкы беттештери 27-28-апрель күндөрү, ал эми жооптук оюндар 4-5-май күндөрү болот.






"Ливерпуль" - "Реал Мадрид" (0:0)

"Боруссия Дортмунд" - "Манчестер Сити" (1:2)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
15.04.2021. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Реал Реал чемпион
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: