Казакстанда акыркы суткада 2 жарым миңден ашык адамдан коронавирус аныкталды
Коңшу Казакстанда акыркы бир сутка ичинде 2 миң 641 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Казакстанда коронавирустун көбөйүүсү күч алууда. Бир күн мурун, тагыраагы 14-апрелде бул өлкөдө 2 миң 229 адамдан коронавирус аныкталган. Ал эми коронавирус инфекциясынын эң жогорку чеги 10-апрелде катталган. Анда сутка ичинде 2 миң 842 адамдан коронавирус аныкталган.
Муну менен аталган өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктурган адамдардын жалпы саны 278 миң 695 адамга жетти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:26
2025-07-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.